- Мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги:
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү Кант шаары, Абдраимов көчөсү №79
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү максатында 2024-жылдын 21-октябрынан тартып 2024-жылдын 30-октябрына чейин мамлекеттик административдик кызмат орундарына талап кылган тиешелүү квалификациялык талаптарга туура келген адамдар үчүн ачык конкурс өткөрөт.
- Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
Административдик кызмат орундарынын улук оруну үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
-Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Төмөнкүлөрдү билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
6)“Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 Токтому.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
1) Кыргыз республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;
3)“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
— билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
-Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;
- “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
- Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
- өзүнүн арызы;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү;
- өздүк баракча, 1 сүрөт (3*4)
- скоросшиватель.
- Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү Кант шаары, Абдраимов көчөсү №79,1-кабат 39-кабинет
Кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 21-октябрынан тартып 2024-жылдын 30-октябрына чейин