Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл өкмөтү

кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Ак-Кудук  айыл өкмөтүнүн башкы, улук жана кенже муниципалдык кызмат орундарына

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат орундарына

администрациялык ведомствого квалификациялык талаптар

Кыргыз Республикасынын Министринин Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелинин №189 токтому, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптарга ылайык бекитилген.

Администрациялык муниципалдык кызмат орундарына жалпы

квалификациялык талаптар:

— Кыргыз Республикасынын жараны;

— соттуулугу жок;

— 18 жашка толгон.

Жалпы мыйзамдарды билүү:

Башкы администрациялык муниципалдык кызмат орундары үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
  2. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-октябрындагы №122 «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 4-августунун №106 Эмгек кодекси;
  4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 7-июлундагы №241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы,
  5. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 12-декабрындагы №206 (11) «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы №213 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;
  9. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августунун №153 «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Улук администрациялык муниципалдык кызмат орундары үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын, 2007-жылдын 4-майындагы №67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын.
  4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын;
  5. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы №153 «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы.
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
  2. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат» Мыйзамы.

Башкы топтогу администрациялык муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы (Б – Б) – 1 бирдик.

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— жогорку кесиптик билим берүү;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялар:

     билим:

— Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 4-авгусундагы №106 «Эмгек кодекси», Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрдагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», 1999-жылдын 22-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө», 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамдары

    Адам ресурстарын башкаруу жаатында:

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

    Билгичтик:

— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

— түзүмдүк бөлүмдөрдүн проблемаларын чечүүгө мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

— таламдардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

— коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көндүмдөр:

— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);

— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларын колдоно билүү.

Улук топтогу администрациялык муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

Кирешелер боюнча башкы адис (У — Б) — 1 бирдик.

1) кесиптик билиминин деңгээли:

— Экономика жана финансы чөйрөсүндөгү жогорку билим, юридикалык, салык жана салык салуу;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенциялар:

             билим:

— Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №3 Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №90 “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» кодекси, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майыдагы №59 Бюджеттик Кодекси.

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

           билгичтик:

— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

— ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис (К-А) – 1 бирдик.

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— жогорку же орто кесиптик.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— стажга талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

    билим:

— Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө»,  2008-жылдын 3-апрелиндеги №38 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

  билгичтик:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерине ылайык иш-аракеттерди натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

  көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларынын, керектүү программалык продуктуларын колдоно билүү.

Аскердик-каттоо столунун инспектору (К — Б) –1 бирдик.

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— жогорку же орто кесиптик.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— стажга талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

билим:

— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө», 2009-жылдын 9-февралындагы №43 «Аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2020-жылдагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

билгичтик:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерине ылайык иш-аракеттерди натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларынын, керектүү программалык продуктуларын колдоно билүү

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:

— жеке арыз;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);

— документтердин көчүрмөлөрү жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү.

         Документтерди 2023-жылдын 18-июлунан 31-июлуна чейин Ысык-Ата району, Киров айылы, Центральная көчөсү 14 дареги боюнча, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Тел.03132-49-710; 0-708-446-137.