Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн кенже муниципалдык кызмат орундарына Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат орундарына администрациялык ведомствого квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министринин Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелинин №189 токтому, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптарга ылайык бекитилген. Администрациялык муниципалдык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар: – Кыргыз Республикасынын жараны; – соттуулугу жок; – 18 жашка толгон. Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы ченемдик укуктук актылар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы. Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А) 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери багытындагы); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажысына талап коюлбайт; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө » Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет: – жеке арыз; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо); – документтердин көчүрмөлөрү жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү. Документтерди 2024-жылдын 08-октябрынан 21-октябрына чейин Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү 29 дареги боюнча, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Тел.03132-42-5-83; 0707035-314. Жазуулар боюнча багыттоо Чүй районундагы Бурана айыл өкмөтү Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү