Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат орундарына
администрациялык ведомствого квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын Министринин Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелинин №189 токтому, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптарга ылайык бекитилген.
Администрациялык муниципалдык кызмат орундарына жалпы
квалификациялык талаптар:
— Кыргыз Республикасынын жараны;
— соттуулугу жок;
— 18 жашка толгон.
Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
- КыргызРеспубликасынын Конституциясы;
- КыргызРеспубликасынын «Министирлер Кабинети жөнүндө»; Конституциялык мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
- КыргызРеспубликасынын «КыргызРеспубликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын «Маалымат алуу укугу жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктыларды билүү.
Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары – жооптуу катчы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар Б-А (1-бирд.)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— Жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
- Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;
- Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
- Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
- билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
— өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— кириш-чыгыш документтер менен иштөө;
— айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо,
— эмгек мыйзамдарын сактоо;
— инвестицияларды тартуу;
— бизнес долбоорлорду даярдоо;
— жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу;
- көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик — жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
— жеке арыз;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
— документтердин көчүрмөлөрү жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди 2024—жылдын 14-январынан 27-январына чейин Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү 29 дареги боюнча, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Тел.03132-42-5-83; 0707035-314.