Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн кенже муниципалдык кызмат орундарына Администрациялык муниципалдык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар: – Кыргыз Республикасынын жараны; – соттуулугу жок; – 18 жашка толгон. Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы ченемдик укуктук актылар: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; – компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктыларды билүү. Айыл өкмөтүнүн материалдык жоопкерчилик боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар К-А (1-бирд.) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим же орто кесиптик билим (бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент). иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажысына талап коюлбайт; 3) кесиптик компетенциялары: – Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”. билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет: – жеке арыз; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо); – документтердин көчүрмөлөрү жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү. Документтерди 2024–жылдын 4-февралынан 18-февралына чейин Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү 29 дареги боюнча, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Тел.03132-42-5-83; 0707035-314. Жазуулар боюнча багыттоо Сокулук райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Ысык-Ата райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы