Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтү

кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн кенже муниципалдык кызмат орундарына

Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат орундарына 

администрациялык ведомствого квалификациялык талаптар

Кыргыз Республикасынын Министринин Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелинин №189 токтому, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптарга ылайык бекитилген.

Администрациялык муниципалдык кызмат орундарына жалпы 

квалификациялык талаптар:

— Кыргыз Республикасынын жараны;

— соттуулугу жок;

— 18 жашка толгон.

Кенже  административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы ченемдик укуктук актылар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын.

Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К)

  1. кесиптик билимдин деңгээли:
  • тийиштүү багыттагы жогорку жана атайын орто кесиптик билими  (экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, гуманитардык.).
  1. иш стажы жана тажрыйбасы:
  • иш стажысына талап коюлбайт;
  1. Кесиптик компетенциялары:
  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө » Мыйзамы

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:

— жеке арыз;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);

— документтердин көчүрмөлөрү жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү.

         Документтерди 2024жылдын 24-сентябрынан 08-октябрына чейин Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү 29 дареги боюнча, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Тел.03132-42-5-83; 0707035-314.