Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башкы жана улук муниципалдык кызмат орундарына

Кыргыз Республикасынын Министринин Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелинин
№189 токтому, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптарга ылайык бекитилген.

Администрациялык муниципалдык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
– Кыргыз Республикасынын жараны;
– соттуулугу жок;
– 18 жашка толгон.

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата квалификациялык талаптар

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын «Министирлер Кабинети жөнүндө»; Конституциялык мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын «Маалымат алуу укугу жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
11. Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди билүү;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
7. Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди билүү;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары – жооптуу катчы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар Б-А (1-бирд.)

1) кесиптик билимдин деңгээли:
– Жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
• төмөнкүлөрдү билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
– Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;
– Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” Мыйзамы.
– Кыргыз Республикасынын “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Мыйзамы.
билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
– өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– кириш-чыгыш документтер менен иштөө;
– айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо,
– эмгек мыйзамдарын сактоо;
– инвестицияларды тартуу;
– бизнес долбоорлорду даярдоо;
– жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу;
• көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик – жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– командада иштөө.

Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы кызмат оорунда коюлуучу квалификациялык талаптар У-А (1-бирд.)

1) кесиптик билимдин деңгээли:
– Финансылык, экономика жана башкаруу, салык жана аудит, мамлекеттик жана муниципалдык башкуруу,менежмент жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенциялары:
– төмөнкүлөрдү билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Министирлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” .
– Кыргыз Республикасынын “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Мыйзамы.
• билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Айыл өкмөтүнүн адам ресурстары башкаруу боюнча башкы адис кызмат оорунда коюлуучу квалификациялык талаптар У-Б (1-бирд.)

1) кесиптик билимдин деңгээли:
жогорку кесиптик билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
• төмөнкүлөрдү билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо;
– Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Мыйзамы.
• билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
Айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар У-Б (1-бирд.)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– Экономика жана финансы чөйрөсүндөгү, юридикалык, салык жана салык салуу, менеджмент жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
– Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси;
– Кыргыз Республикасынын “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Мыйзамы.
• билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Айыл өкмөтүнүн муниципалдык мүлктүн экономикалык өнүгүүсү боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар У-Б (1-бирд.)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу,техникалык, экономикалык, юридикалык кесип боюнча жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенциялары:
– Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
– “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”;
– “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Мыйзамы.
• билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
• көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис боюнча кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар У-Б (1-бирд.)

1) кесиптик билимдин деңгээли:
жогорку кесиптик билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодекси;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”;
– Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө негиздери жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Мыйзамы.
• билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
– жеке арыз;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
– документтердин көчүрмөлөрү жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу (бар болсо);
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди 2025-жылдын 14-октябрынан 28-октябрьга чейин Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү 29 дареги боюнча, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Тел. 0707-035-314.