Ысык-Ата районунун Красная Речка айыл өкмөтү

улук жана кенже топтогу  административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык

сынак жарыялайт

Муниципалдык административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу

  1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2)  18 жаштан жаш болбоого;

3) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан тиешелүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

  1. Төмөнкү адам кызматчы боло албайт:

1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо ага соттун айыптоочу өкүмү менен кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;

2) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»  Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана

муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары  жөнүндө» Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
    № 120  токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча» типтүү нускама.

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  3. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
    № 120  токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча» типтүү нускама.

Улук топтогу (социалдык суроолор боюнча башкы адис)  административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими: «Гуманитардык илимдер» юриспруденция жана педагогикалык багытындагы.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
  1. Профессионалдык компетенттүүлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билүү:
  2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ада мдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы;
  5. «Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө» Мыйзамы.

Кенже топтогу (жетектөөчү адис статиси-экономист) административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу  квалификациалык талаптар

1.Кесиптик билим деңгээли:

төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик же болбосо орто кесиптик билими:  «Экономика жана финансы» жана экономикалык багытта.

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— кенже кызмат орундары — иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Профессионалдык компетенттүүлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билүү:
  2. Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жѳнүндѳ» Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн «Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин  бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ар  аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара   аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу» токтому

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

Сынакка катышуу үчүн бардык калоочуларга жогорудагы көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2023-жылдын  12-декабрынан тартып 21-декабырына   чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Чүй облусу, Ысык-Ата району, Красная Речка айыл өкмөтү Октябрь көчөсү №65.

Сурап билүү үчүн 0700 86-46-51 телефонуна кайрылсанар болот