Кенже кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар: (Аскердик-эсепке алуу боюнча инспектор) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажга талап коюлбайт. Улук кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар: (Юрист-башкы адис) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – конкурстук комиссиянын тɵрагасынын атына жазылган жеке арызы; –кадрларды каттоо баракчасы; – 3х4 ɵлчɵмүндɵгү сүрɵт – паспорттун кɵчүрмɵсү(оригиналы сынакка келген маалда кɵрсɵтүлɵт) – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – жогорку билиминин тастыктаган дипломунун кɵчүрмɵсү (нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлүшү керек) – эмгек китепчесинин кɵчүрмɵсү (нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлүшү керек) Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндɵн тартып 10(он) жумушчу күндүн ичинде Корумду айылынын Орозов кɵчɵсү №100 дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн тɵмɵндɵгү телефондорго кайрылыңыздар. (03943) 30-0-19, 0708709401 Жазуулар боюнча багыттоо Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашыруу бөлүмүнүн 2022-жылдын 15-19-августунда аткарган иши жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги