Кенже административдик кызмат ордуна: – Документтик камсыздоо боюнча адис. Коюлуучу квалификациялык талаптар: Кесиптик билимдин деңгээли: — тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу педагогикалык билим берүү, педагогикалык билим берүү, социалдык илимдер); Иш стажы жана тажрыйбасы: — иш-стажына талап коюлбайт. Ошондой эле мыйзамдарды билүүсү: 1)“Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы; 2)”Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы; 3) )«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билүүсү зарыл. Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: — Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы; — кадрлардын каттоо баракчасы; — 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт; — Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт) — жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек); — эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек); — соттолбогондугу жөнүндө аныктама; -өмүр баяны; -резюме. Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календарлык күндүн ичинде (11.11.2024-21.11.2024ж.) Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын №3 кабинетинде (жалпы секторунда) Чолпон-Ата шаары Совет көч №1 дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: (03943) 4-33-16,4-28-28. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты