Башкы адис (С-Б) ачык конкурс жарыялайт Кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар Жогорку билим; (экономика, маркетинг, юриспруденция, ж.о) Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү. Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Жобо; КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги N 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-ж. “22” 01 № 1-Б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча” жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 823 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө” жобо. Кыргыз Респубикасынын 2003-жылдын 30-августу № 201 “Үй бүлөө кодекси” Кыргыз Респубикасынын 2012-жылдын 10-июлу № 100 “Балдар жөнүндө кодекси” Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: – Жеке арызы, резюме. – Кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян. – Өздүк таржымал (соттолбогондугу бар же жок экендиги ж-ө маалыматты көрсөтүү менен). – 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт. – Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт). – Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек). – Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек). – Кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү. Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Талапкерлерден документтер 2025-жылдын 5-декабрдан – 15-декабрдын саат 12-00 чейин Чолпон-Ата ш. Совет көч. № 75А кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс), (03943) 4-24-70, 0704329057. Жазуулар боюнча багыттоо Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт: