Башкы кызмат (аппарат жетекчи)  административдик муниципалдык кызмат ордуна коюулуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим (Экономика жана башкаруу, гуманитардык).

         2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;

         3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” токтомун.

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана анын бирикмелери жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө” мыйзамдарды билүүсү зарыл.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

 

Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календарлык күндүн ичинде Чолпон-Ата шаардык мэриясы, Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү №75д дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3943) 4-20-20 жана  Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Facebook баракчасынан маалыматты алсаңыздар болот.