«АЧЫК КАБИНЕТ: ЖООПКЕРЧИЛИК АЙМАГЫ» Эльчибек Джантаев менен ачык диалог күнү жыйынтыкталды 2026-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Нуржадыевич Джантаевдин катышуусунда «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагындагы иш-чаралар жыйынтыкталды. Ачык диалог күнүнүн негизги максаты мамлекеттик кызматтын ишмердүүлүгүн коомчулукка кеңири таанытуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо, мамлекеттик органдар менен жарандардын ортосундагы байланышты чыңдоо жана жетекчинин жоопкерчилигин ачык көрсөтүү болду. Күндүн программасы мамлекеттик кызматты өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кадрдык потенциалды чыңдоо, жаш адистерди колдоо жана эл менен ачык диалог түзүү сыяктуу маанилүү багыттарды камтыды. Иш-чаранын алкагында Агенттиктин директору Эльчибек Джантаев 1-радионун түз эфирине катышып, мамлекеттик кызматтын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун актуалдуу маселелери боюнча пикир бөлүштү. Ошондой эле жергиликтүү жамааттын демилгелери форумуна жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясындагы тегерек столго катышуу аркылуу жарандардын жергиликтүү башкарууга катышуусу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, мамлекеттик кызматчылардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү маселелери күн тартибине коюлду. Студенттер жана журналисттер үчүн уюштурулган брифинг мамлекеттик кызматтын келечегин, жаш кадрлардын мүмкүнчүлүктөрүн жана мамлекеттик башкаруудагы кесиптик жоопкерчиликти талкуулоого шарт түздү. Брифингдин жүрүшүндө студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берүү жана жаштар менен түз байланыш түзүү негизги орунду ээледи. Маалыматтык ишмердүүлүктүн алкагында Эльчибек Джантаев «Эркин-Тоо» жана «ММКызмат» гезиттерине маек куруп, мамлекеттик кызматтын өнүгүү багыттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун актуалдуу маселелери жана Агенттиктин алдыдагы милдеттери тууралуу ой бөлүштү. Мындан тышкары, «Кабар» маалымат агенттигинин подкастында мамлекеттик башкаруунун принциптери, жетекчинин жеке жоопкерчилиги жана Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу пикир алышуу каралды. Программанын алкагында Гавриловка айыл өкмөтүнө иш сапары да каралып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердүүлүгү, муниципалдык деңгээлдеги маселелер жана башкаруудагы практикалык тажрыйба менен таанышууга көңүл бурулду. Ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушууда кадрларды даярдоо, квалификацияны жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды. Аймактык башкармалыктар менен видеокеңешмеде жер-жерлердеги актуалдуу көйгөйлөр, алдыдагы милдеттер жана коррупциянын алдын алуу багыттары талкууланды. «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоору мамлекеттик кызматтын ишин ачык көрсөтүүгө, жетекчилик менен коомдун ортосунда түз байланыш түзүүгө жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү демилге болуп саналат. Ачык диалог аркылуу көйгөйлөрдү талкуулоо, коомчулуктун суроолоруна көңүл буруу жана жоопкерчиликтүү башкаруу маданиятын калыптандыруу мамлекеттик кызматка болгон ишенимди бекемдөөнүн маанилүү шарттары болуп эсептелет. Ачыктык — ишенимдин негизи. Жоопкерчилик — натыйжалуу башкаруунун башаты. Жазуулар боюнча багыттоо Эльчибек Джантаевдин Жергиликтүү жамааттар күнү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл толушу менен куттуктоосу