Бүгүн Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жантаев Эльчибек Нуржадыевич агенттиктин бөлүм башчылары жана орун басарларынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы типтүү көйгөйлөр, алардын чечүү жолдору жана алдыдагы багыттар талкууланды.
Директор аймактардагы бир катар негизги маселелерге токтолуп, айрыкча штаттык бирдиктердин жетишсиздиги, кызматкерлердин айлык маяналарын жакшыртуу маселеси, санариптик компетенциялардын төмөн деңгээли сыяктуу көйгөйлөрдү баса белгиледи.
“Санарип доордо жашап жатып, айрым айыл өкмөттөрдө санариптик көндүмдөргө ээ адистердин жоктугу — бул олуттуу көйгөй. Айрым аймактарда дагы деле кагаз ташып иш жүргүзүп жаткандар бар. Ошондуктан штаттык бирдиктерди кайра карап чыгып, заман талабына жооп берген, санарип технологияларын өздөштүргөн кадрларды тартууга көмөк көрсөтүшүбүз зарыл,” — деди ал.
Ошондой эле Эльчибек Жантаев өлкө боюнча жалпы 264 жергиликтүү бийлик органы бар экенин, анын ичинен 230 айыл өкмөт, 34 шаардык структуралар экенин белгилеп, алардын ар бири боюнча так жана санариптик форматтагы маалымат базасын түзүү зарылдыгын айтты.
“Ар бир аймактын экономикасы, калкынын саны, өнүгүү планы, административдик аймагы, учурдагы көйгөйлөрү — баары системалуу түрдө бизде так чагылдырылып турушу керек. Ошого жараша чечим кабыл алып, иш алып баралы,” — деп баса белгиледи жетекчи.
Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик органдарында жол берилген “бузуулар”, мыйзамдуулукту сактоо, ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча да бирдиктүү багытта иш алып баруу тапшырмасы берилди.
Жыйындын жыйынтыгында директор бир катар протоколдук тапшырмаларды берип, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу — жалпы жоопкерчилик жана биргелешкен милдет экенин белгиледи.
“Биздин максат — жергиликтүү бийликтин потенциалын чыңдоо менен өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзүү. Бул — ар бирибиздин системалуу, жоопкерчиликтүү жана ырааттуу ишибизди талап кылат,” — деди Жантаев.