Эл аралык кызматташтык өнүгүүдө
Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасындагы Россотрудничества (Орускызматташтыгы) өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А. Ф. Зулхарнеев, КМШ өлкөлөрү боюнча, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча Федералдык агенттиктин орун басары П. А. Шевцов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин Россия Федерациясында окутуу, даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн айтып кетти. Ошондой эле, жетекчи шериктеш өлкөлөрдүн мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлеринин тажрыйба алмашуусунда жаңы импульстар пайда болгонун белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары эки өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана иштин жаңы ыкмаларын киргизүү аркылуу алардын ишинин сапатын жакшыртууда эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн биргелешкен жаңы долбоорлор жөнүндө талкуулашты.Бул сүрөттө 2 адам жана текст болушу мүмкүн