Ош облусунун Алай районун Үч-Дөбө -Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт Сынак төмөнкү этаптарды камтыйт: – мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптарга ылайык конкурстун катышуучуларынын документтерин карап чыгуу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат агенттигинде талапкерлерди компьютердик тестирлөө; – маектешүү. КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна (мындан ары – административдик кызмат орундарынын топтору «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтому менен Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө” № 81 токтомуна ылайык иштелип чыкты. Административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык белгиленет. Типтүү квалификациялык талаптар кесиптик билимдин деңгээлине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына же адистиги боюнча иш стажына жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенцияларга карата белгиленет. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан органдын функциялары же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөрүлгөн учурда жүргүзүлөт. Квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнөт. Административдик кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт: 1) кесиптик билимге. Кесиптик билимдин адистиги (багыты) кызмат орду боюнча функциялык милдеттерге шайкеш келиши керек; 2) административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына; 3) кесиптик компетенцияларга: – Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө; 2) административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына; 3) кесиптик компетенцияларга: – Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча). Кесиптик билиминин бар экендиги белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталат. Кошумча билиминин бар экендиги квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү документ менен ырасталат. Учурдагы жылда жогорку (орто кесиптик) окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуган сабактары боюнча бааларын көрсөтүү менен окуу жайын аяктагандыгы жана тиешелүү квалификация ыйгарылгандыгы жөнүндө окуу жайынын расмий мөөрү басылган маалымкатты берүүгө уруксат берилет. Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн адистиги боюнча стаж жогорку жана же орто билими жөнүндө дипломдо корсөтүлгөн адистик боюнча иштеген күндөн тартып эсептелет. Адистиги боюнча стажга талапкердин тиешелүү профилдеги (багыттагы) жогорку жана же орто атайын билими (адистиги) болгон мезгили гана эсептелет. Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажын жана же адистиги боюнча иш тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын жана же иштеген жеринен зарылдыгы боюнча берилген маалымкаттын негизинде аныкталат. Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кошумча квалификациялык талаптар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды камтыйт. Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Маалымат алуу укугу жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А) Кесиптик билим деңгээли: жогорку билим: (Финансы-экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык илимдер, юриспруденция жана табият таануу илимдери). Стажы жана иш тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетентүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын «Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жѳнүндѳ» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Маданият жѳнүндѳ» Мыйзамы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жүргүзүү жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; – өз ишин жана айыл өкмөтүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – башка органдар менен, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – адистерди башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана чогулуштарды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышууларды жүргүзүү. эмгек мыйзамдарын сактоо; – инвестицияларды тартуу, бизнес долбоорлорду даярдоо, жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, ExceI, ЭДБ (электрондук документ башкаруу). Жооптуу катчы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-Б) Кесиптик билим деңгээли: жогорку билим: (Финансы экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык илимдер, техникалык, юриспруденция жана табигый илимдери). Стажы жана иш тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетентүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жѳнүндѳ» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Маданият жѳнүндѳ» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жѳнүндѳ» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы «Мамлекеттик жарандык кызматтын муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» № 43 Жарлыгы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жүргүзүү жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; – өз ишин жана айыл өкмөтүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – башка органдар менен, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – адистерди башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана чогулуштарды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышууларды жүргүзүү. – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, ExceI, ЭДБ (электрондук документ башкаруу жана е-Kyzmat мамлекеттик порталы жана веб-сайт менен иш алып баруу). Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) Кесиптик билим деңгээли: жогорку билим: (Финансы экономикалык башкаруу). Стажы жана иш тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетентүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; – Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; – Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» № 266 Жарлыгы. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жүргүзүү; – башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; башка органдар менен, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – адистерди башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышууларды жүргүзүү. – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, ExceI, 1С, ЦБУ ЭДБ (электрондук документ башкаруу). Материалдык эсеп жана кирешелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) Кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп жана аудит, табият таануу илимдери). Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; – Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; – Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – административдик тартип бузуулар менен иштөө; – экологиялык бузуулар; – үй-бүлөлүк зомбулук; – диний радикализм – криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө; – пробация; – жер мыйзамдарынын сактылышы; – аймактагы аялдардын жана балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо; – укук коргоо органдарына сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү. Көндүмдөрү: – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, ExceI, ЭДБ (электрондук документ башкаруу). Жер маселелери боюнча башкы адиси кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) Кесиптик билим деңгээли: – жогорку билим: (Финансы экономикалык, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш). Стажы жана иш тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетентүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; – Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; – Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жүргүзүү жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; – өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – чыр-чатактарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана чогулуштарды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышууларды жүргүзүү; – статистикалык маалыматтар менен иштөө. – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, ExceI, ЭДБ (электрондук документ башкаруу). Юрист, мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис – кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) Кесиптик билим деңгээли: жогорку билим: (Финанасы-экономикалык, гуманитардык илимдер, юриспруденция, бухгалтердик эсеп жана аудит). Стажы жана иш тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетентүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жүргүзүү жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; – өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – чыр-чатактарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана чогулуштарды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышууларды жүргүзүү; – статистикалык маалыматтар менен иштөө; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, ExceI, ЭДБ (электрондук документ башкаруу). Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын көктөмөгө толуктап тапшыруу керек: – өздүк арыз (конкурска катышуу боюнча) – кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча -1 даана – 4х6 өлчөмүндө сүрөт 2 даана (ак түстө) – эмгек китепчесинин көчүрмөсү, дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган) – паспорттун көчүрмөсү – резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен) – өмүр баян, соттолбогондугу эмес боюнча маалыматы менен. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер жарыянын тексти сайтка жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде (2026-жылдын 24-августунан 7-сентябрына чейин) Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы, М.Мамакова 15 дареги боюнча Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат. Байланыш тел.: 0772 72 34 34; Эскертүү: Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген талаптарга жооп бербеген жарандар сынака катышпайт. Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер сынакка чакырылат. Тапшырылган документтер кайтарылбайт. Жазуулар боюнча багыттоо Жалпак-Таш айыл өкмөтү