Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн  мал  чарбачылыгы боюнча  адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

 (К-Б)

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

  • тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик (ветеринария, айыл чарба жана айыл чарба илимдери багытындагы);

 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажысына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

 

тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын “ Ветеринария жөнүндө”Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө Мыйзамы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

 

Талап кылынуучу документтер

-Өздүк арыз (конкурска катышуу боюнча)

-Өздүк баракчасы -1 даана

-4х6 өлчөмүндө сүрөт

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус  аркылуу тастыкталган)

-Паспорттун көчүрмөсү

-Резюме

-Дипломдун көчүрмөсү (нотариус  аркылуу тастыкталган)

-Өмүр баян

-Соттуулугу боюнча аныктама

 

Талапкерлер  тиешелүү документтерди  Кара-Шоро айыл өкмөтүнө жарыя (жалпыга маалымдоо каражаттарына) чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде тапшырууңуздар зарыл.

 

Дареги: Өзгөн району, Кара-Шоро айыл өкмөтү, Ак-Жар айылы, айыл өкмөтүнүн башкы имараты.

Тел №   0772771740   0706689477