Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн мал чарбачылыгы боюнча адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-Б) 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик (ветеринария, айыл чарба жана айыл чарба илимдери багытындагы); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажысына талап коюлбайт; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; – тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “ Ветеринария жөнүндө”Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Айыл-чарбасы өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө Мыйзамы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Талап кылынуучу документтер -Өздүк арыз (конкурска катышуу боюнча) -Өздүк баракчасы -1 даана -4х6 өлчөмүндө сүрөт -эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган) -Паспорттун көчүрмөсү -Резюме -Дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган) -Өмүр баян -Соттуулугу боюнча аныктама Талапкерлер тиешелүү документтерди Кара-Шоро айыл өкмөтүнө жарыя (жалпыга маалымдоо каражаттарына) чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде тапшырууңуздар зарыл. Дареги: Өзгөн району, Кара-Шоро айыл өкмөтү, Ак-Жар айылы, айыл өкмөтүнүн башкы имараты. Тел № 0772771740 0706689477 Жазуулар боюнча багыттоо Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтү Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгы