Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги ресурстарынын бири – бул адам ресурстары болуп саналат
Бүгүн КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынан турган JDS долбоорунун финалисттер тобун Японияга узатуу аземи болду. Иш чараны Кудайберген Базарбаев ачуу менен куттуктоосун айтып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловго сөз берди. Ошондой эле жыйынга Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ГОДА Хидэки мырза, КР Президентинин Администрациясынын жана Агенттиктин тиешелүү кызматкерлери, JDS долбоорунун Башкаруу комиссиясынын мүчөлөрү, Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, JICАнын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгү, JICE JDS (жайс жидиэс) тин Кыргыз Республикасындагы офисинин өкүлдөрү, стипендианттар катышты.
Жалпысынан Япония өкмөтүнүн жардамы менен 287 стипендиант жөнөтүлүп, кызматкерлерибиз Японияда окуусун ийгиликтүү аяктап, магистр даражасына ээ болуп келишти. Бүгүн дагы JDS долбоорунун алкагында 19 кызматкерлерден турган тобу Японияга узатылды.
Эки тараптуу кызматташтыктын жана Агенттиктин ишмердигинин натыйжасында “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоорун ишке ашыруу максатында Япония Өкмөтү 2 144 200$ грант бөлдү.
Белгилеп кетүүчү жагдай, реформаларды жүргүзүүнүн жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги ресурстарынын бири – бул адам ресурстары болуп саналат.