Учурда  “Инфоком” мамлекеттик ишканасында, Бишкек шаарынын муниципалдык территориялдык башкармалыктарынын  кызматкерлерине “Санарип аймак” тутумуна маалыматтарды туура киргизүү боюнча, Агенттиктин кызматкерлеринин катышуусунда практикалык окуу өткөзүлүүдө. Окууга жалпысанан Бишкек шаары боюнча 44 кызматкер катышып жатат.

“Санарип аймак” тутумунун негизги максаттары үй-чарба китептерин санариптештирүү, ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө, ишин  жеңилдетүү жана калкка аз убакытта сапаттуу кызмат көрсөтүү болуп эсептелет.