Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын башкы тобуна конкурс жарыялайт:
1. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы тобуна:
Кесиптик билим деңгээли:
— токой чарбасы, табият таануу илимдер жаатындагы экология жана жаратылышты
пайдалануу багыты боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
–Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
–Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
–Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
–Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
–Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
–“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
–Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
–Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
–Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
–Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамы;
–Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамы;
–Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамы;
−Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн объекттерине, мумия камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн таксаларды бекитүү жөнүндө” токтому;
–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 21-январындагы № 25 “Жерлердин бузулушу үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-майындагы № 231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө” токтому;
–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 “Токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
–Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө Жобосу.
Билгичтиги:
– ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
– тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
– оор кырдаалдарда чечимдерди кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишине объективдүү баа берүү;
– кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.
Көндүмдөрү:
– токой чарбасын жүргүзүү, токой-аңчылык жайгаштыруу, токой ресурстарын коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу жаатында иштелип чыгуучу мамлекеттик программаларга ченемдик укукту актылардын, стандарттардын, нормативдердин долбоорун, сунуштарды иштеп чыгуу;
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– башкаруу иши (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана алардын стратегиялык чечимдерди аткаруу сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу, мониторинг жүргүзүү, кабыл алынган чечимдердин натыйжаларын талдоону жана болжолдоону контролдоо;
– эл алдында чыгып сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– ишкер байланыштын ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Документтерди 2025-жылдын 27-январына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Вакансии по центральным государственным органам (по г.Бишкек)