Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын башкы жана улук топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынактын тексти Административдик кызмат орундарынын улук тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку билим (экономика жана башкаруу багытындагы, аудит жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сертификаты); – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. -“Кыргызтест” системасы боюнча кызматтык жана функцияларды милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө орто деңгээлден (В1) төмөн эмес сертификатка ээ болуу. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: -жогорку билим (экономика жана башкаруу, гуманитардык жана педагогикалык багыттарындагы); -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. -“Кыргызтест” системасы боюнча кызматтык жана функцияларды милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө орто деңгээлден (В1) төмөн эмес сертификатка ээ болуу. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл: Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен); Резюме (бекитилген формага ылайык жана электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин, көрсөтүү менен) Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы; Сүрөт 4х6; Паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү; Аскердик билетинин көчүрмөсү; Өмүр баян (өз колу менен жазылган); Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат; Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2025-жылдын 24-майы саат 18:00 гө чейин Ош шаарынын мэриясынын адам ресурстарын башкаруу секторуна (210-кабинет) тапшыруу зарыл. Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жашап жаткандыгы тууралуу тастыктоочу маалымкат (справка с места жительства) талап кылыныт. Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн талапкерлердин документтери бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана электрон дареги так көрсөтүлүшү керек. Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79. Жазуулар боюнча багыттоо Алай районунун Үч-Дөбө айыл өкмөтү Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы