Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын ички резерв кадырына конкурс жарыялап берүүңүздү суранабыз.

          Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматынын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине

(1 бош орун).

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. 2020-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

– Компьютер жана мобилдик шаймандар менен, компьютердик жана социалдык тармактарда иштей билүү;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдоно билүү;

Ветеринария багыты боюнча административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

 

  1. Кесиптик билим деңгээли:

– ветеринария багыты боюнча “айыл чарба” тармагындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

– иш стажына талап кылынбайт

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  1. Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө”Мыйзамы;
  2. “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды идентификациялоо жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому: “ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтому.

Билгичтик:

– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.

Көндүмдөр:

– ишкердик жазуу көндүмдөрү;

– белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

– ишкер байланыш ыкмаларын билүү жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү;

– компьютерди, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

– жеке арыз;

– сүрөт менен кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолбогондугу тууралу маалыматтарды көрсөтүү менен);

– акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– Дипломдун кочурмосу ( мамлекеттик нотариус аркылуу  куболонтурулгон );

– паспорттун көчүрмөсү;

– ден-соолук жөнүндө справка;

 

Конкурска катышуучулардын документтери жарыя берилген күндөн баштап он жумуш күн ичинде Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын имаратында кабыл алынат.

  1. 723700. Кыргыз Республикасы. Ош областы Чоң-Алай району Дароот-Коргон а., Сулайманов к. 48

Тел-факс: (03237) 2-20-45

e-mail: chon-alai.ruvfb@mail.ru