Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү административдик кызмат орундарынын төмөнкү топко кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт:
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу.
Жетектөөчү адис – юрист (1 штаттык бирдик):
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим – Юриспруденция, Укук тануу адистиктери боюнча.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүмамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Адис – бухгалтер (1 штаттык бирдик):
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим же орто кесиптик билим – Финансылык экономикалык багыттары боюнча
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекетти тил жөнүндө” Мыйзамы.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
– Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
– Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:
- Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен);
- Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)
- Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
- Паспортунун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- Аскердик билетинин көчүрмөсү;
- Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу жана соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
- Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2022-жылдын 28-августу саат 17:30 га