Жалал-Абад шаардык ветеринардык башкармалыгы ички резервге алууга улук мамлекеттик жарандык административдик бош орунга сыноо жарыялайт. 1.Улук административдик бош кызмат ордуна -Башкы инспектор- 1 шт. Кесиптик билим деңгээли: – Жогорку ветеринардык адис. Эмгек стажы жана иш тажырыйбасы: –Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Улук административдик кызматына жалпы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар – Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндөгү” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндөгү” мыйзамы, – Кыргыз Республикасынын “Субъекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды жана азык түлүктөрдү идентификациялоо жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жыл 29-январь№56 токтому; Жеке сапаттары Акылдуулук: -Ишти стратегиялык пландаштыруу жана аны чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу, пайда болгон көйгөйлөргө; -чечүү үчүн иновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн идөө коюлган милдеттерге; -Өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу, ведомостволор аралык өз ара аракеттенүү. Ишкердик жазуу көндүмдөрү: –Белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, жаңы болгон көйгөйлөрдү чечүү ыкмалары; – ишкер баарлашууну жана кеңешмелерди,жолугушуларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү. -компьютердик жана башка орг. техникаларды башкаруу. 2.Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер. 1. Арыз. 2.Дипломдун көчүрмөсү, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн. 3.Паспорттун көчүрмөсү. 4.Сүрөт 3х4=4 даана. 5.Таржымал (Резюме) 6.Өмүр баяны. 7.Ден соолугу боюнча медициналык тактама. 8.Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн. Иш кагаздарды кабыл алуу: баштапкы 10 календардык күн ичинде тапшырылат. Дареги: Жалал-Абад шаары, ВЛКСМ көчөсү №27 Жалал-Абад шаардык ветеринардык башкармалыгынын кадр бөлүмү. Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү сайттарда: Башкы https://gvfi.gov.kg. Жазуулар боюнча багыттоо Аксыйское районное ветеринарное управление Департамент регистрации населения