Агенттиктин директорунун орун басары Мурат  Байдылдаев Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен жолугушту 

Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.К. Байдылдаев Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда «Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу» долбоорунун алкагындагы өнөктөштүктү талкуулашты.

Иш чаранын жүрүшүндө тараптар «Санарип Аймак» АМТга өзгөчө көңүл буруп, системанын жаңы модулун киргизүү мүмкүнчүлүгүн жана мындан аркы иш  аракеттери тууралуу пикир алышты. Жолугушуу жемиштүү жана достук маанайда өттү.  Мындай аракеттерден улам эки тараптын узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын байкоого болот.

Жолугушуунун соңунда Мурат Байдылдаев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, жалпы максаттарга жетишүүгө өбөлгө түзүүчү узак мөөнөттүү жана жемиштүү өнөктөштүккө кызыгуусун билдирди.