Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышты
Кудайберген Базарбаев “Аксакалдар соттору жөнүндө” жана “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорун Жогорку Кеңештин жыйынында жактады. Натыйжада мыйзам долбоорлору пленардык жыйында экинчи окууда жактырылды.
Аталган мыйзам долбоорлору Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте иштелип чыгып, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан КР Жогорку Кеңешине киргизилген.