Агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгы билдирет
Агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 13-15-март күндөрү райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын кызмат орундарына документ кабыл алынып, ал эми айыл өкмөт башчы кызмат ордуна туруктуу негизде документ кабыл алынып жатат.
Ош шаарында компьютердик тестирлөө:
— 2024-жылдын 2-апрель күнү райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна,
— 2024-жылдын 3-апрель күнү райондук маанидеги шаардын мэри кызмат ордуна,
— 2024-жылдын 4-апрель, 19-апрель күндөрү айыл өкмөт башчы кызмат ордуна өткөрүлгөн.
Муниципалдык кадрлар резервине аңгемелешүү Ош шаарында 2024-жылдын 13-май күнү өткөрүлүп, райондук маанидеги шаардын мэри кызмат ордуна 3 талапкер катышып, 1 талапкер сунушталды; райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна катышкан 6 талапкерден 2 талапкер сунушталды; айыл өкмөт башчы кызмат ордуна катышкан 8 талапкерден 5 талапкер сунушталды.