Агенттик мамлекеттик кызматчыларды чет мамлекеттерге окууга жиберүүдө

Агенттиктин Эл аралык кызматташтык боюнча иш алып баруусунун, эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кызматкерлер кыска мөөнөттүү окууга жиберилүүдө.

Кытай Эл Республикасына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчылардын кезектеги тобу узатылды.

Окууга кетип жатышкан кызматчылардын тобу менен Агенттиктин директорунун орун басары Максат Саргазаков жолугушуп, узаттуу сөзүн сүйлөп, ийгилик каалады.

Бул жолку жиберилген угуучулар бажы тармагынын жаңыча усулдары тууралуу кыска мөөнөттүү курстан өтүп келишмекчи.