Мамлекеттик тапшырыктын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуучу окутуу курстары Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айыл өкмөт башчыларына өткөрүлө баштады
Бүгүн Ош шаарында райондордон келген айыл өкмөт башчыларына квалификацияны жогорулатуучу окуу курсу Ош мамлекеттик университетинин БиМ факультетинде өткөрүлдү. Семинарды Агенттиктин директору К. Базарбаевдин тапшырмасы менен Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы С.Н. Туйгунова ачып берди.
Андан сырткары КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын өкүлдөрү жана БиМ факультетинин ректораты катышты. Ушул эле семинар Жалал-Абад облусунда 29, Баткен облусунда 26 айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөрүлүп жатат.