Кудайберген Базарбаев «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси Альфред Уитни Хьюстон мырза менен кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинде Кудайберген Базарбаевдин «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси Альфред Уитни Хьюстон мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аксакалдар сотторунун Кыргызстандын коомчулугу үчүн зарыл институт катары ролу жөнүндө маселе талкууланып, ал жергиликтүү жамааттарда адилеттүүлүккө жетишүүгө өбөлгө болушу белгиленди. Ошондой эле, Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын аймагында 740 аксакалдар сотунун 4780 мүчөсү бар экенин белгилеп, аларды мындан ары да өнүктүрүү үчүн күч-аракет жумшоо зарыл экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Альфред Хьюстон мырза кошумчалагандай, Тоң, Ноокат жана Свердлов райондорунда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Аксакалдар соттору жергиликтүү калк арасында жогорку деңгээлде колдоого ээ экендигин айтып өттү.

Агенттик менен «Укук булагы» долбоорунун ортосундагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча меморандумга кол коюлуп, анын алкагында эки тарап жергиликтүү өз алдынча башкаруунун социалдык (экономикалык, диний, үй-бүлөлүк жана башка) маселелерин чечүү жана аксакалдар сотторунун институтун өнүктүрүү боюнча улуттук инструменттерди өнүктүрүү жаатында кызматташууну жүргүзөт.