Кудайберген Базарбаевдин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнү — майрамы менен куттуктоосу
«Урматтуу мамлекеттик жана муниципипалдык кызматкерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Бүгүнкү күндө республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жалпы саны –22 миңден ашык. Биздин кызматчылар бардык тармактарда жигердүү эмгектенип, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожевич “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгында мамлекеттик башкаруунун таасирдүүлүгүн арттыруу милдетин койгон.
Биздин башкы милдетибиз – мамлекетке, элге кызмат кылуу, мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожевичтин демилгеси менен эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу административдик-аймактык реформа ишке ашырылды. Айыл аймактарын кайра түзүүдө жана ишин кайра уюштурууда көп жумуштар аткарылды.
Аймактарда ичүүчү суу, сугат суу, жайыт, жер, тазалык жана башка күнүмдүк жашоого зарыл болгон маселелерди чечип, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүп келаткан кесиптештердин эмгеги мактоого арзыйт.
Мамлекеттик башкарууну уюштурууда, маанилүү чечимдерди жүзөгө ашырууда мамлекеттик кызматчылардын ролу зор. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү эмгегинин натыйжасында республикабыз социалдык-экономикалык жактан өнүгүүдө.
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, мамлекетибиздин жана эл үчүн чыныгы жаратмандык эмгек каалаймын!»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич.