Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында Жазы айыл өкмөтүнө барды
Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында Жазы айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.
Айыл өкмөттүн эмгек жамааты менен жолугушууда Административдик аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча талкуу жасады.
Ошондой эле, » коомдук тартипти сактоо», «ветеринария» «агрардык өнүктүрүү» адистиктеринин жана «айыл башчылардын» кызматтык милдеттерине токтолуп, кызматкерлердин суроолоруна жооп берди.
Андан сырткары жетекчи Айыл башчылардын эмгек акыларын төлөө боюнча КР Министрлер Кабинетинин 2024- жылдын 12-июлундагы 381 токтому тууралуу түшүндүрмө берди.