Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрдык резервине
киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик кызматка конкурс жарыяланат:
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы
квалификациялык талаптар:
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1)
2)
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз
Республикасынын
Конституциялык
Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”;
3)
Мыйзамы
“Кыргыз
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө”;
4)
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо
тартиби жөнүндө”;
5)
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө”;
6)
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү
жөнүндө”;
7)
8)
2012-жылдын 8-августу № 153 Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын
Президентинин Жарлыгы 2022-жылдын
31-майындагы № 171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын
жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө”;
9)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
11-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун
автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө”.- Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүү;- Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды
колдоно билүү.
II. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна төмөнкүдөй
квалификациялык талаптар белгиленет:
Кесиптик билимдин деңгээли:- жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу илими, бухгалтердик
эсеп жана аудит, каржы;
Ишстажыжана тажрыйбасы:- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же
болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси,
— Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 “Бухгалтердик эсеп
жөнүндө”, 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын,- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”,
2022
жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу
Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналына
эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, 2014-жылдын 31-октябрындагы № 620 “Кыргыз
Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер
кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 1997-жылдын 25-июнундагы
№377 Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген
адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомдорун.
Билгичтиги;- каржы жана мерчемдөө отчётторун даярдоо жөндөмдүүлүгү;- бюджеттин эксплуатациялык чыгымдарынын сметасын түзүү жөндөмдүүлүгү;- негизги ишмердүүлүктүн түрлөрүнө жараша каржы, эмгек чыгымдарынын
нормативдерин өркүндөтүү жана жүрүшүнө анализ жүргүзүү.- “1С-бухгалтерия” 8.2 программасын билүү;- ишкагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү.
Көндүмдөрү:- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу
жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;- паспорттун көчүрмөсүн;- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын жогорулаткандыгы,
илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан
же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү
(иш стажы бар болсо).

Документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык күндүн ичинде КР
ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Кадрлар бөлүмүнө Нарын ш.,
О.Токтосунова көч. № 38 дареги боюнча тапшыруу керек. Тел. 0705 412675, 0555 412675