Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна жалпы квалификациялык
талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем
эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
Токтому;
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодекси;
— “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын
29-апрелиндеги № 76 Мыйзамы;
— “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын
14-апрелиндеги № 27 Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана
муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ № 266 Жарлыгы;
— “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана
иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 Токтому;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433
Токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы
№ 262 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлиги жөнүндө жобо”;
— “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти
уюштуруу жана жүргүзүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-б буйругу.
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүү;
— Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды
колдоно билүү.
Билгичтиги:
— каржы жана мерчемдөө отчётторун даярдоо жөндөмдүүлүгү;
— бюджеттин эксплуатациялык чыгымдарынын сметасын түзүү жөндөмдүүлүгү;
— негизги ишмердүүлүктүн түрлөрүнө жараша каржы, эмгек чыгымдарынын
нормативдерин өркүндөтүү жана жүрүшүнө анализ жүргүзүү;
— “1С-бухгалтерия” 8.3 программасын билүү;
— иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү.
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө
маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү.
Документтерди конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн
тартып 10 календарлык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрдигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Кадр жана тарбия иштери
бөлүмүнө Нарын ш., О.Токтосунова көч. № 38 дареги боюнча тапшыруу керек. Тел.
0705 412675, 0555 412675.