Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция
башкармалыгы (мындан ары – ЖРЭСКМБ), Кыргыз Республикасынын
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»
мыйзамынын негизинде кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар
резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс
жарыялайт:
Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын топторуна
типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу:
1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
— Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
— 21 жаштан жаш болбоого;
— мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык
келүүгө
2. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна
төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
3. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат
орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар
белгиленет:
Финансылык жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнө –адис– 1шт.бирдик.
1) Кесиптик билим деңгээли:
-төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими:
Экономика жана башкаруу, гуманитардык жана социалдык илимдер,
юриспруденция
2) Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт
4. Профессионалдык компетенциялар:
Билим:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы
— КР Өкмөтүнүн №120 Токтому менен бекитилген 03.03.2020-ж. ишкагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы;
— КР “Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы
(28.07.2017-ж. №163);
— “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык
камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы №823
“Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана
финансылык отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик
жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
— “ Жөлөкпулдарды жана акчалай компенсациаларды төлөө ирээти
жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн Токтому
(29.12.2006-ж. №823);
Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу
даярдоо;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— кызматтык кат алуушуларды мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопту дайындоо;
— нормативдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада
колдонуу;
— компьютер жана оргтехникалык менен билимдүү колдоно билүү;
— командада иштөө.
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— командада иштөө;
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада
колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон
программалык продуктуларды колдоно билүү.
Балдарды коргоо жана үй бүлөнү колдоо бөлүмүнө-жетектөөчү адис —
1шт.бирдик.
-төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими:
Экономика жана башкаруу, гуманитардык жана социалдык илимдер,
юриспруденция
Стажы жана иш тажрыйбасы:
-Иш стажына талаптар коюлбайт.
Профессионалдык компетенциялар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы
— КР Өкмөтүнүн №120 Токтому менен бекитилген 03.03.2020-ж. ишкагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы;
— КР “Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы
(28.07.2017-ж. №163);
— “Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө Кодекси” (10.07.2012-ж.
№100);
— -КР “Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери
жөнүндө” Мыйзамы (19.12.2001-ж. №111);
— “ Жөлөкпулдарды жана акчалай компенсациаларды төлөө ирээти
жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн Токтому
(29.12.2006-ж. №823);
— КР “Калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы
(03.08.2015-ж. №124).
Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу
даярдоо;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— кызматтык кат алуушуларды мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопту дайындоо;
— нормативдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада
колдонуу;
— компьютер жана оргтехникалык менен билимдүү колдоно билүү;
— командада иштөө.
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— командада иштөө;
Сынакка катышууга зарыл документтер:
— өздүк арыз;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү жана сүрөтү менен);
— өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат менен);
— билими жөнүндө документтердин көчүрмөсү — нотариус аркылуу же
акыркы иш ордунан күбөлөндүрүлгөн;
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон убакта) — нотариус
аркылуу же акыркы иш ордунан күбөлөндүрүлгөн;
— пасторттун көчүрмөсү.
Документтер 2024-жылдын 11-ноябрдан 22-ноябрга чейин төмөнкү дарек
боюнча кабыл алынат:
Жайыл району Кара-Балта шаары Кожомбердиев көч. 100/9 Жайыл райондук
эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы. Тел: (03133) 4-
71-78, 3-64-82.
Эскертүү: Бардык квалификациялык талаптардан өткөн конкурсанттар
сынакка катышууга чакырылат. Ал эми белгиленген талаптарга жооп
бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга
конкурска катышууга жол берилбейт.