Улук кызматына (Б-А) Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына: – жогорку билим (ар кандай багыт боюнча); – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажысы 3 беш жылдан кем эмес; Жалпы Мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Предметтик тест үчүн төмөндөгү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамы. -билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; -көндүмөрү: –ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына: – жогорку билим (ар кандай багыт боюнча); -мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтардагы стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес. Негизги тест үчүн төмөндөгү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; – “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; – “Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; – “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасы. Предметтик тест үчүн төмөндөгү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамы; – “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы; билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; -коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; -өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; -чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу; көндүмдөрү: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (биш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапатту жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); -маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кенешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сектор башчыга (У-А) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим 2) иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тийиштүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”, “Жер кодекси”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекиген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускаманы. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; -коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; -өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; -чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу; -адам ресурстарын башкаруу жаатында; Көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (биш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапатту жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кенешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Башкы адиси (У-Б) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билими Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенттүүлүгү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тийиштүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекиген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускаманы. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү. Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет: Сынакка катышууну каалаган талапкерлер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу, тиешелүү аймакты көрсөтүү менен электрондук түрдө арыз бере алышат; Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөр түрүндө) тиркелиши керек: — жогорку кесиптик билимди (негизги жана кошумча, эгер бар болсо) тастыктоочу документ, анын ичинде транскрипттер/тиркемелер; — эмгек китепчеси, анын ичинде ага киргизилген кошумча барактар; — илимий даражаны же илимий наамды тастыктоочу документ (эгер бар болсо); — кесиптик өнүгүүнү/квалификацияны жогорулатууну тастыктоочу документ (эгер бар болсо). Талапкерлер: 1) арыздарын аймакты көрсөтүү менен, бир гана электрондук түрдө тапшырышы керек; 2) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, жеке маалыматтарды берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыкташы керек; Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды тапшырган талапкерлер сынакка катышууга коюлбайт. Сынак өткөрүлгөн мезгил ичинде талапкер өзүнүн электрондук почта дарегине жана “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтар менен билдирмелерди өз убагында карап турууга милдеттүү. Сынакка катышуу үчүн документтер электрондук форматта гана кабыл алынат. Документтерди тапшыруу мөөнөтү — 2026-жылдын 23-октябрынан 2-ноябрына чейин. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар (03947) 91-1-02, 91-1-45. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Каракол шаардык статистика башкармалыгынын Балыкчы шаардык статистика бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык, административдик мамлекеттик улук кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.