Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек: – улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө квалификациялык талаптар (У-А, У-Б): – Кыргыз Республикасынын жараны болууга; – мамлекеттик жарандык кызмат үчүн – 21 жаштан жаш болбоого; – кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө. Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Кесиптик билими: жогорку билими (“Экономика жана башкаруу” багыты боюнча “Экономист”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика” багыты боюнча, “Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар”. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенциялар: – төмөнкүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактарды мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын: “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жобосу”; билгичтиги: – маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; – кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу; – ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – жаңы эмгек шарттарына көнүү; – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; – мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – командада иштөө. – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. – электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү; – издөө системаларын колдонуу; – ар кандай браузерлер менен иштөө; – кесиптик этиканын стандарттарын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө; – оргтехника менен иштөө; – көчүрүүчү машиналар менен иштөө; – принтер менен иштөө; – сканер менен иштөө; – проектор же интерактивдүү доска менен иштөө; – факс менен иштөө. көндүмдөрү: – Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; – Ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; – Компьютердик жана уюштуруу техникасын, ошондой эле керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү; – Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк). Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет: Сынакка катышууну каалаган талапкерлер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу, тиешелүү аймакты көрсөтүү менен электрондук түрдө арыз бере алышат; Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөр түрүндө) тиркелиши керек: — жогорку кесиптик билимди (негизги жана кошумча, эгер бар болсо) тастыктоочу документ, анын ичинде транскрипттер/тиркемелер; — эмгек китепчеси, анын ичинде ага киргизилген кошумча барактар; — илимий даражаны же илимий наамды тастыктоочу документ (эгер бар болсо); — кесиптик өнүгүүнү/квалификацияны жогорулатууну тастыктоочу документ (эгер бар болсо). Талапкерлер: 1) арыздарын аймакты көрсөтүү менен, бир гана электрондук түрдө тапшырышы керек; 2) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, жеке маалыматтарды берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыкташы керек; Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды тапшырган талапкерлер сынакка катышууга коюлбайт. Сынак өткөрүлгөн мезгил ичинде талапкер өзүнүн электрондук почта дарегине жана “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтар менен билдирмелерди өз убагында карап турууга милдеттүү. Сынакка катышуу үчүн документтер электрондук форматта гана кабыл алынат. Документтерди тапшыруу мөөнөтү — 2026-жылдын 15-октябрынан 25-октябрына чейин. Конкурс жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин веб-сайтында www.stat.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин сайтында www.mkk.gov.kg жарыяланат. Документтер 2026-жылдын 14-октябрынан баштап 21-октябрына чейин (ишемби жана жекшембиден тышкары) саат 8:30дан 17:30га чейин (тыныгуу 12:00-13:00) төмөнкү даректе кабыл алынат: Дареги: Каракол ш., Кутманалиева к,114 Каракол шаардык статистика башкармалыгы, байланыш номуру: 5-29-45,0705 944 200 Сынак өтүү күнү жана өтүү орду кошумча маалымдалат. Жазуулар боюнча багыттоо Балыкчы шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук административдик мамлекеттик кызмат ордуларына кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт