Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) мамлекеттик кызматтын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.
Башкы жана улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын жана документтердин тизмеси:
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) «“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3) «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн (негизги тест):
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Жарандык-саясий укуктарды коргоо багыты боюнча (административдик кызмат орундарынын башкы тобу)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыт боюнча жогорку кесиптик билим: юриспруденция.
2. Стажы жана иш тажырыйбасы:
– мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 3 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Тышкы эмгек миграцисы жөнүндө»; «Тышкы миграция жөнүндө»; «Ички жер которуу жөнүндө»; «Качкындар жөнүндө»; «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»;
– Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакт, 16-декабрь 1966-жыл.
3.2. Билүүсү:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;
– талдоо, пландоо, жалпылоо, мониторинг, көзөмөл жүргүзүү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө карата ыктарды интегрирлөө;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктарды карама-каршылыгына алып келүүчү көйгөйлөрдү өз убагында табуу жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыктарды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издеп табуу;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– веломстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
3.3. Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– жылдык жана атайын баяндамаларына карата материалдарды даярдоо;
– жарандардын кайрылууларын кароо;
– тиешелүү көңүл буруу актыларын даярдоо жана киргизүү;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу;
– маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада пайдалануу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү жүрүм-турум ыкмаларына ээ болуу, мамлекеттик жана расмий тилдерде кеңешмелерди жана жолугушуулдарды өткөрүү, көпчүлүк алдында чыгып сүйлөө жана иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Финансылык багыты боюнча (административдик кызмат орундарынын улук тобу)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: экономика жана башкаруу; финансы; бухгалтердик эсеп; аудит.
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө»; «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 буйругу менен бекитилген мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык очтеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобо;
– бухгалтердик программа 1C.
3.2. Билүүсү:
– маалыматтарды жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү алып баруу;
– эмгектин жаңы шарттарына карата көнүү;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3. Көндүмдөрү:
– мезгилдүү отчетторду түзүү;
– баш ийүү тартибинде, алардын кызмат орундук ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген жогору турган жетекчилердин тескемелерин жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу. Мыйзамга карама-каршы келген буйрук, тескеме же көрсөтмө
алган учурда, мамлекеттик кызматкер мыйзамдын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү;
– жумуш убактысын эсепке алуу табелдерин кабыл алуу, талдоо жана көзөмөлдөө, жана аларды эсептеп иштеп чыгууга даярдоо;
– убактылуу эмгекке жарамсыздык жөнүндө баракчаларды, оорулуларды багуу боюнча маалымдамаларды жана кызматчынын жумушта болбоо укугун бышыктоочу башка документтерди кабыл алуу жана көзөмөлдөө, аларды эсептеп иштеп чыгууга, ошондой эле белгиленген бухгалтердик отчеттуулукту түзүү үчүн даярдоо;
– Аппараттын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептеп чыгаруу, эмгек акы фондунун чыгымдалуусун, алып айтканда, бардык элементтери менен 2111,2121, 2721 чыгымдар статьяларына байланыштуу чыгымдалышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
– бухгалтердик өткөрүмдөрдү каттоону жана аларды котормолоону жүзөгө ашыруу;
– ар бир айдын 25ине чейин алдыңкы айдын 1С ыкчам эсеп программасы менен өткөрүлгөнбардык операцияларды бүткөрүү жана бөлүм башчысына отчетторду (кайтма-сальдо ведомостторун) берүү. Аткаруу мөөнөттөрүн сактоо жана дебитордук жана кредитордук карыздардын мөөнөттөрүнүн өтүүсүнө жол бербөө.
– камсыздандыруу төлөмдөрүн мамлекеттик бюджеттен тышкары социалдык фонддорго, башка төлөөлөрдү жана төлөмдөрдү чегерүү жана которуп чегерүү, ошондой эле кызматкерлерди материалдык кызыктырууга каражаттарды которуу;
– бухгалтердик документтердин сакталышын көзөмөлдөө, аларды белгиленген тартипке ылайык архивке өткөрүү үчүн жол-жоболоштуруу;
– кассалык тартиптин сакталышын көзөмөлдөө;
– теңдемди түзүү жана киреше жана акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө ыкчам жыйынды отчетторду түзүү үчүн дайындарды даярдоо;
– заманбап эсептегич техникалык каражаттарды колдонуунун негизинде сарамжалдуу пландык жана эсептик документтерди, бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн прогрессивдүү формаларын жана усулдарын иштеп чыгууга жана киргизүүгө катышуу, аларды белгиленген тартипте тиешелүү органдарга берүү;
– Аппараттын кызматкерлерине бухгалтердик эсептөө, көзөмөлдөө, отчеттуулук жана экономикалык талдоо маселелери боюнча усулдук жардамдарды көрсөтүү;
– бөлүмгө жүктөлгөн башка милдеттерди аткаруу.
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Финансылык багыты боюнча (административдик кызмат орундарынын кенже тобу)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: экономика жана башкаруу; финансы; бухгалтердик эсеп; аудит.
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– иш стажына карата талаптарды коюусуз.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө»; «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»;
– бухгалтердик программа 1C.
3.2. Билүүсү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
– командада иштөө;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3. Көндүмдөрү:
– тендерлерди, мам.сатып алууларды жүргүзүү;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– мамлекеттик сатып алуулар боюнча документтердин мыйзамдуулугун, өз убагында жана туура жол-жоболоштурулушун камсыз кылуу;
– ишти пландоо жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– кызматтык жүрүм-турум ченемдерин сактоо;
– материалдык баалуулуктардын эсебин жүргүзүү, мүлктөрдүн сакталуусун камсыз кылуу;
– аппараттын чарбалык бөлүгү боюнча уюштуруу иштерин алып баруу;
– тазалоочулардын, эшик тосуучулардын жана кызматтык автомашиналардын айдоочуларынын иштерин эсепке алууну жана көзөмөлдөөнү жүргүзүү;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Финансылык багыты боюнча (административдик кызмат орундарынын кенже тобу)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: экономика жана башкаруу; финансы; бухгалтердик эсеп; аудит.
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– иш стажына карата талаптарды коюусуз.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»; «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»;
– бухгалтердик программа 1C.
3.2. Билүүсү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3. Көндүмдөрү:
– тендерлерди, мам.сатып алууларды жүргүзүү;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– мамлекеттик сатып алуулар боюнча документтердин мыйзамдуулугун, өз убагында жана туура жол-жоболоштурулушун камсыз кылуу;
– ишти пландоо жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– кызматтык жүрүм-турум ченемдерин сактоо;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Эл аралык кызматташтык багыты боюнча (административдик кызмат орундарынын улук тобу)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: юриспруденция; эл аралык мамилелер (англис тилин билүү).
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; «Эл аралык келишимдер жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө»;
– английс тили (В2 деңгээлинен).
3.2. Билүүсү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди англис тилинен жазуу жүзүндө которуу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду англис тилинде сапаттуу даярдоо;
– кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– мамлекеттик жана\же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
– командада иштөө;
– чет өлкөлүк делегацияларды коштоп жүрүү;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3. Көндүмдөрү:
– эл аралык уюмдар менен иштөө тажырыйбасы;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү жүрүм-турум ыкмаларына ээ болуу;
– ишти пландоо жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Социалдык-экономикалык жана маданий укуктарды коргоо багыты боюнча (административдик кызмат орундарынын кенже тобу)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: юриспруденция; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; экономика; социалдык жумуш багыты боюнча социалдык илимдер.
2. Стажы жана иш тажырыйбасы:
– иш стажына карата талаптарды коюусуз.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө»;
3.2. Билүүсү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3. Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– жылдык жана атайын баяндамаларына карата материалдарды даярдоо;
– жарандардын кайрылууларын кароо;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аймактык (Талас) өкүлчүлүгүндө иштөө багытында административдик кызмат орундарынын башкы тобуна квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: юриспруденция.
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 3 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө»;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама.
3.2. Билүүсү:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг, көзөмөл жүргүзүү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө карата ыктарды интегрирлөө;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын карама-каршылыгына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыктарды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издеп табуу;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, сылык-сыпаа өз ара аракеттенүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3. Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– ар жылдык жана атайын баяндамаларга карата материалдарды даярдоо;
– жарандардын кайрылууларын кароо;
– тиешелүү көңүл буруу актыларын даярдоо жана киргизүү;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу;
– маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү жүрүм-турум ыкмаларына ээ болуу, мамлекеттик жана расмий тилдерде кеңешмелерди жана жолугушуулдарды өткөрүү, көпчүлүк алдында чыгып сүйлөө жана иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аймактык (Талас) өкүлчүлүгүндө иштөө багытында административдик кызмат орундарынын кенже тобуна квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: юриспруденция.
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– иш стажына карата талаптарды коюусуз.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө»;
3.2. Билүүсү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
– командада иштөө;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3. Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ар жылдык жана атайын баяндамаларга карата материалдарды даярдоо;
– жарандардын кайрылууларын кароо;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— өзүнүн арызы;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, сүрөтү менен (4х6);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— резюме сүрөтү менен форма боюнча;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
— акыркы иштеген жериңизден сунуш кат.
Документтерин толук тапшырбаган, ошондой эле талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынакка катыша албайт.
Сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 18-ноябрынан тартып 27-ноябрь күнү саат 17-00 чейин жүргүзүлөт. Дареги: Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 57 (КР ТИМдин мурдагы имараты) кабинет №209, тел.: 66-32-97.