Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясы улук жана кенже

кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

 

Социалдык өнүктүрүү, жаштар саясаты, маданият жана жашы жете элек өспүрүмдөр маселелери боюнча жетектөөчү адиси

1 штаттык бирдик:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Гуманитардык, Социалдык,  ж.б. тармактарында.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

Иш стажына талап коюлбайт.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

1.Кыргыз Республикасынын “Жөлөк пулдарды чегерүү жөнүндө” Мыйзамы;

2.Кыргыз Республикасынын “Пенсияларды чегерүү жөнүндө” Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамы

 

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

 

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-өз тармагы боюнча жогорку органдардан келген укуктук ченемдик актылардын, тапшырмалардын жана жарандардын арыз даттануулары менен иштөөгө көзөмөлдү жүргүзүү;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Уюштуруу иштери, документтик камсыздоо жана мамлекеттик сыйлыктар боюнча адис.

1 штаттык бирдик:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку билим – Финансылык-экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Гуманитардык, Табигый илимдер, Коммуникация жана байланыш тармактарында.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

Иш стажына талап коюлбайт.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

1.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;

2.Кыргыз Республикасынын “Улуттук мамлекеттик архивдик фонду жөнүндөгү” Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын “Эмгек” кодекси.

 

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

 

Агрардык, санариптик өнүктүрүү, жаратылышты коргоо, экология, туризм жана таза суу маселелери боюнча адиси

1 штаттык бирдик:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку билим – Финансылык-экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Техникалык, Курулуш, Байланыш, Айыл чарба ж.б. тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

Иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

1.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Туризм жөнүндө”;

2.Кыргыз Республикасынын “Суу” кодекси;

3.Кыргыз Республикасынын “Жер” кодекси.

 

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

 

Көндүмдөрү:

 

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-жогорку органдардан келген укуктук ченемдик актылардын, тапшырмалардын жана жарандардын арыз даттануулары менен иштөөгө жалпы көзөмөлдү жүргүзүү;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

Конкурска катышуу үчүн адистер төмөндөгүдөй документтерди тапшыруусу зарыл:

 

-конскурстук комиссиянын төрагасынын наамына арыз;

-кадрдын өздүк барагы;

— 3х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөтү;

-нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

-нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча дипломдорунун көчүрмөсү;

-резюмеси (электрондук почтасын көрсөтүү менен);

-өмүр баяны;

-соттолбогондугу боюнча маалымат;

-паспортунун көчүрмөсү.

 

Бул документтер жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисине конкурс жарыяланып чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде (акыркы күнү саат 15-00гө чейин) тапшырылыш керек.

 

Дареги: Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагынын Кара-Кулжа айылы, Б.Маткадыров көчөсү №2. Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 3-кабаты, сурап-билүү тел: 0555 600 133, 0771 54 54 77;