2024-жылдын 2-февралындагы № 22 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасын (мындан ары — Методика) аткаруу максатында, аппарат жетекчилеринин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү жыл үчүн ишинин натыйжаларын баалоо үчүн комиссия түзүлдү.
Агенттиктин директорунун буйругу менен түзүлгөн комиссия өзүнүн ишинде Методикада көрсөтүлгөндөй кесиптик баалоо жүргүздү. Кесиптик баалоо 80% түзсө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жамааттык баалоосу 20% түздү. Аппарат жетекчилеринин ишине баалоо «Ишти баалоо» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Жалпысынан аппарат жетекчилеринин саны 86 (100%) түздү. Алардын ичинен 16 (18%) аппарат жетекчи, кызмат ордунда 6 айдан ашык иштебегендиктен, баалоодон өткөн жок. Натыйжада, 2024-жыл үчүн 70 (81%) аппарат жетекчи баалоодон өттү.
Мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аппарат жетекчилеринин баалоосу төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:
6 аткаруу бийлик органдарынын системасына кирбеген мамлекеттик органдардан 5 (83%) аппарат жетекчиси баалоодон өттү.
7 Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 4 (57%) аппарат жетекчиси баалоодон өттү.
40 жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан 36 (90%) аппарат жетекчиси баалоодон өттү.
33 шаардык мэриялардан 25 (75%) аппарат жетекчиси баалоодон өттү.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча:
2 (2,8%) аппарат жетекчи «эң жакшы» деген баа алышты.
41 (58,5%) аппарат жетекчи «жакшы» деген баа алышты.
26 (37,1%) аппарат жетекчи «канааттандырарлык» деген баа алышты.
1 (1,4%) аппарат жетекчи «канааттандырарлык эмес» деген баа алышты.
Бул жыйынтык кесиптик жана жамааттык баалоо аркылуу аныкталды.
Төмөн баа алган аппарат жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн мамлекеттик тапшырык же ведомстволук окутууга жөнөтүлүшү керек. Эң төмөн баа алган аппарат жетекчилеринин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу каралып, кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жаза чаралары колдонулушу мүмкүн.
Аталган баалоо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин сапатын жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун арттыруу максатында жүргүзүлдү.