КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже топтогу административдик мамлекеттик кызматынын ордуна ачык конкурс жарыялайт:
- Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери, гуманитардык жана социалдык илимдери, педагогикалык билим берүү, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, энергетика жана электроника, транспорттук техника жана технология, электроника, радиотехника жана байланыш, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, архитектура жана курулуш, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, аскердик билими.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 670 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссиясы жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
Билгичтиги:
- жарандар менен иштей билүү жөндөмү;
- жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү;
- карталар менен иштей билүү жөндөмү;
- курулуш эрежелери жана нормаларын билүү;
- медицина жана химия боюнча түшүнүгү;
- өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссияларынын ишин уюштура билүү.
Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана жумуш бакытын туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
- өзүнүн арызы;
- резюме ( электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), сүрөтүн;
- паспортунун көчүрмөсүн;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү(иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны же илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документердин көчүрмөлөрү.
Документтерди 2025-жылдын 26-апрелине чейин Кадр жана тарбия иштери бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ош шаары, Э.Алиева көчөсү 172, каб. 411 (Кадр жана тарбия иштери бөлүмүнө) тел.: 0554 112 866, 0706 697 373