Кара-Суу райондук  билим  берүү бөлүмү мамлекеттик кызмат орундарына ички кадрлар резервин түзүү  үчүн ачык конкурс   жарыялайт

  Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү  улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына  ички  кадрлар резервин түзүү максатында 2025-жылдын   14-апрелден  тартып  2025-жылдын  24- апрелге    чейин ачык конкурс жарыялайт.

  1. . Ички кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар:

Компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө.

Ыктуулугу:

-текст, графика жана таблица түрүндөгү редакторлор менен иштөө;

-файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, кыймылдатуу,  жок кылуу жана калыбына келтирүү);

-сырттагы перифериялык жабдууларды кошуу;

-дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү);

Компьютердик  жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, эл.почта ж.б.);

Ыктуулугу:

-электрондук перифериялык жабдууларды кошуу;

-издөө системаларын пайдалануу;

— ар түрдүү браузерлер менен иштөө.

Кызматтык этика  ченемдерин эске алуу менен социалдык түйүндөрдө бири-бирине сыпайы мамиле менен аракеттенүү.

Маалыматтардын чоң көлөмү менен иш жүргүзүү: жаңы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу.

Ыктуулугу:

-маалыматтын өзгөрүшүнүн жогорку ылдамдыгы жана ар түрдүү болуу шартында маалыматтык базалар менен иш жүргүзүү;

-статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга колдоо көрсөтүү үчүн маалыматтарды жаратуу;

-файлдардын өлчөмүн кысуу жана маалыматтардын чоң көлөмүн жөнөтүү/ кабыл алуу.

Маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү.

Билими жана ыктуулугу:

-презентацияларды уюштуруу;

-эсептөөлөр менен байланыштуу сан түрүндөгү маалыматтар менен иштөө;

-маалыматтарды таблица, диаграмма түрүндө көрсөтүү.

Колдонмо  программалык продуктылардан жана сервистерден пайдалануу.

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

1)    кесиптик билимдин деңгээли:

—      педагогикалык багыттагы  жогорку  билим;

2)    иш стажы жана тажрыйбасы:

—    мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3)    кесиптик компетенттүүлүгү:

       төмөнкүлөрдү билүү:

                  Жалпы  мыйзамдар :

1)  Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы

2 )     Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндѳ .

3)      Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  Жарандардын   кайрылууларын   кароо  тартиби   жөнүндө

4)      Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын  ченемдик  укуктук  актылары  жөнүндө

5)     Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча    типтүү нускамасы,    Кыргыз  Республикасынын   Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы    № 120 токтому.

Тиешелүү  тармактагы  мыйзамдар

  1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамы “Билим берүү жөнүндө”,
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы 2023-жыл 17-июль №140 Кыргыз Республикасынын“Мамлекеттик тил жөнүндө”
  3. КРнын Ѳкмѳтүнүн  2021-жылдын  5- мартындагы  № 72  токтому “КРнын Билим берүү  жана  илим  министрлигинин  маселелери жѳнүндѳ”

билгичтиги:

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  • кесиптик билимдин деңгзэли :

—    педагогикалык, фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;

2)    иш стажы жана тажрыйбасы:

—       иш стажына талаптарды койбостон;

3)    кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.     төмөнкүлөрдү билүү:

               

  Жалпы  мыйзамдар :

1)       Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы

2 )      Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндѳ .

3)      Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча    типтүү нускамасы,    Кыргыз  Республикасынын   Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому.

Тиешелүү  тармактагы  мыйзамдар :

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамы “Билим берүү жөнүндө”,

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы 2023-жыл 17-июль №140  Кыргыз Республикасынын“Мамлекеттик тил жөнүндө”

КРнын  Ѳкмѳтүнүн  2021-жылдын  5- мартындагы  № 72  токтому “КРнын Билим берүү  жана  илим  министрлигинин  маселелери жѳнүндѳ

3.2.       билгичтиги:

—  жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

—  жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

—  мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө:

3.3.  көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукталарды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

– жеке арызы;

– өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),

  • өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат)

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү;

– скоросшиватель.

Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду

Документтер жарыя чыккан күндөн тартып он календардык күндөн кем эмес жумушчу күн ичинде Кара-Суу   райондук билим берүү  бөлүмүнүн кадрлар боюнча жооптуу адистин каанасында кабыл алынат.

Кара-Суу   райондук билим берүү  бөлүмү.

Кара-Суу  району, Кара –Суу шаары  , Ж.Аматов көчөсү №2.

Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 14-апрелден тартып 2025-жылдын  24-апрелге  чейин.

Байланыш телефону:    0551 006587 . Кабинет № 4.