ЖАРЫЯ

 

1 Мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү

Кант шаары, Абдраимов көчөсү №79

      Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2025-жылдын 18-апрелинен  тартып  2025-жылдын 28-апрелине чейин мамлекеттик административдик кызмат орундарына талап кылган тиешелүү квалификациялык талаптарга туура келген адамдар үчүн ачык конкурс өткөрөт.
2. Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;

3)“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.

билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

3 Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү;

-өздүк баракча, 1 сүрөт (3*4)

— скоросшиватель.

4 Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү

Кант шаары, Абдраимов көчөсү №79,1-кабат 39-кабинет

Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 18-апрелинен  тартып  2025-жылдын                          28-апрелине чейин.