Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгы, башкармалыктын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, административдик мамлекеттик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн   бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө (Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал райондук жана Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл  шаардык бөлүмдөрүнө)  ачык сынак жарыялайт.

— улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө (У-А, У-Б);

— кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө (К-А, К-Б);

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топтору үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1) Кыргыз Республикасынынжараныболууга;

2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн — 21 жаштан жаш болбоого;

3)кадрлардын резервине киргизүү

үчүн мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарг аылайык келүүгө.

Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  3. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.

 

Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:

-жогорку кесиптик билими; — “Экономика жана башкаруу” багыты боюнча;“Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика”, “Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар”;  “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери” багыттары боюнча баары.

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциялар:
Билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын: «Расмий статистика жөнүндө»; «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  1. Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгымененбекитилген “Кыргыз РеспубликасынынУлуттук статистика комитетининжобосу”
  2. Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24Жарлыгымененбекитилген“Мамлекеттикоргандынжанажергиликтүүөзалдынчабашкарууорганынынмамлекеттикжарандыккызматынынжанамуниципалдыккызматынынкадрларрезервинекиргизүүүчүначык конкурс өткөрүүнүн, анытүзүүнүнжанаиштөөсүнүнтартибижөнүндө”жобосу
  3. Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2016-жылдын 30-декабры № 308 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө”

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:

-жогорку кесиптик билими; — “Экономика жана башкаруу”багыты боюнча;“Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика”, “Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар”;  “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери” багыттары боюнча баары.

 

Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талаптар коюлбайт.


Кесиптик компетенциялар:

Билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын: «Расмий статистика жөнүндө»;
  2. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө»;
  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жобосу”

Жөндөмдүүлүк:

— маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдө атамекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны

практикада колдонуу;

— кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;

— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— жаңы эмгек шарттарына көнүү;

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикадаколдонуу;

-статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну

колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык

продуктуларды колдоно билүү.

— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

— издөө системаларын колдонуу;

— ар кандай браузерлер менен иштөө;

— кесиптик этиканын стандарттарын эске алуу менен социалдык тармактарда тура өз

ара аракеттенүүгө;

— оргтехника менен иштөө;

— көчүрүүчүмашиналар менен иштөө;

— принтер менен иштөө;

— сканер менен иштөө;

— проектор же интерактивдүү доска менен иштөө;

— факс менен иштөө.

 

Көндүмдөр:

— ченемдикукуктукактыларменеништөөжанаалардыпрактикадаколдонуу.

Конкурска катышу үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелген):

— Өздүк арызы;

-Таржымал (резюме) сүрөтү жана электрондук дареги, телефон номерин көрсөтүү менен;

-Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);

-Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-Негизги жана кошумча билими  жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);

— Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);

-Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

-Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо артыкчылык берилет);

-Паспорттун көчүрмөсү.

 

Документтер кабыл алынат:

Күнү: 2025-жылдын 25-апрелинен 2025-жылдын 19-майына чейин , кабыл алуу убактысы: саат 9.00 дөн 17.00 гө чейин (тыныгуу 12.00 дөн 13.00 гө чейин);

Дареги: Жалал-Абад ш., Мамыр Баатыр көч., 58. (облустук статистика башкармалыгынын имараты), 2-кабат, 9-кабинет. Ишемби, жекшемби жана май каникул күндөрдөн  тышкары.

Байланыш номерлери: (03722) 5-17-60(0990)081163, (0777)547821 вотцап.

Кененирээк: stat.kg, mkk.gov.kg

Конкурс https://stat.gov.kg ,https://mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.