Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ Кадрлар резерви – мамлекеттик жарандык кызматтын улук тобунун укук тартиби, коопсуздук жана коргонуу боюнча башкы адиси-юрист кызмат ордунун кадрлар резервине ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: Мамлекеттик жарандык кызматтын улук тобунун укук тартиби, коопсуздук жана коргонуу боюнча башкы адиси-юрист кызмат орду ( 1 штаттык бирдик) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим – Юриспруденция, Укук коргоо иши. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”. Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Улуттук коопсуздук жөнүндө” Мыйзамы. КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ: Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган өзүнүн арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү; Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде жүргүзүлөт. Дареги: Ала-Бука айылы, С.Ибраимов көчөсү № 37, 3 кабат, 40-кабинет, байланыш телефону (03741) 5-01 02. Жазуулар боюнча багыттоо Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты