Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттын жана аймактык административдик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— автобиография;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— илимий даража жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., Н.Исанов көч., 42, 305-кабинет.
Документтер 2025-жылдын 28-июлунан тартып 9-августака чейин (8-август — кабыл алуунун акыркы күнү) иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 43 94 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттынын административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар
Административдик мамлекеттик улук кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы;
3) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы;
5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”ыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Маалыматтык саясат багытындагы улук кызмат орундарынын тобуна
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— журналистика, филология, лингвистика, жарнак жана коомчулук менен байланыш жаатында жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Массалык маалымат каражаттары жөнүндө, Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө, Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө, Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
— 2004-жылдын 15-январындагы № 20 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органынын басма сөз кызматы жөнүндө типтүү жобо;
— 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо.
3.2. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— иш алып барып жаткан тармактын көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— ММК үчүн иш-чараларды пресс-конференцияларды, брифингдерди, жолугушууларды жана интервьюларды уюштуруу жана өткөрүү;
— ведомствонун ишин маалыматтык камсыздоону уюштуруу;
-ведомствонун web-сайтын (порталын) толтуруу жана тексттер менен кесипкөй иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин сактоо жана кеңешмелерде, жолугушууларда өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Экономика багытындагы улук кызмат орундарынын тобуна
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— Экономика, менеджмент, коммерция, соода иши багыттары боюнча, экономика жана башкаруу жаатындагы жогорку кесиптик билим; экономикалык теория, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, дүйнөлүк экономика, улуттук экономика, экономика жана ишкананы башкаруу (тармактар боюнча) багыттары боюнча Экономика, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча башкы адистин кызмат орду үчүн гуманитардык илимдер: Юриспруденция жаатындагы билимдин болушуна жол берилет.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын кодекстери:
— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер боюнча кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк жөнүндө, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы стратегиялык объекттер жөнүндө, Карыздык абал жөнүндө, Акционердик коомдор жөнүндө, Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан:
— Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы боюнча шарттар 2022-жылдын 1-августунда № 266, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө 2021-жылдын 28-октябрында № 233;
— Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн пландаштыруу методикасын бекитүү 2019-жылдын 15-июлунда № 348;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана аймактардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн баалоо жөнүндө 2016-жылдын 17-июнунда № 329;
— Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуунун жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 19-июнь 2017-жыл № 389);
— Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28-Май 2019-жылдагы токтомуна карата №232);
— Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке салуу жөнүндө 2019-жылдын 11-сентябры № 468;
— 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо.
3.2. Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.
3.3. Кесиптик көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
Санариптик өнүктүрүү багытындагы улук кызмат орундарынын тобуна
1. Кесиптик билим деңгээли:
— төмөнкү багыттардагы жогорку билим: Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар тармагында бардык багыттар боюнча; автоматташтыруу жана башкаруу тармагында: системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу; Маалымат коопсуздугу тармагында: маалымат коопсуздугу; Транспорттук техника жана технологиялар тармагында: транспорттук процесстердин технологиясы; Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча); Транспорттук курулуш тармагында: темир жол курулушу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор, көпүрөлөр жана транспорттук тоннелдер; Экономика жана башкаруу тармагында: экономика, менеджмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; Экономика тармагында: дүйнөлүк экономика, улуттук экономика, ишканадагы экономика жана башкаруу (тармактар боюнча); гуманитардык илимдер тармагында: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары:
Электрондук башкаруу жөнүндө, Электрондук кол тамга жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө.
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын:
Кыргыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171;
2020-жылдын 17-декабрындагы №64 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө;
2021-жылдын 8-февралынан чыккан №27 Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө,
2024-жылдын 5-апрелиндеги №90 “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө”.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн / Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2017-жылдын 21-ноябры № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө”
2017-жылдын 21-ноябрындагы №762 “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө”;
2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө”;
2019-жылдын 31-декабрындагы №744 “Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө”;
2021-жылдын 28-октябрындагы №233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө»;
2021-жылдын 1-июлундагы №55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө”.
3.2. Билгичтиги:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Автомобиль жолдору багытындагы улук кызмат орундарынын тобуна
1. Кесиптик билим деңгээли:
— Архитектура жана курулуш тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: курулуш, шаар курулушу, гидротехникалык курулуш; Курулуш тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, имараттарды долбоорлоо, курулушту механизациялоо жана автоматташтыруу, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү; Транспорттук курулуш тармагында: темир жол курулушу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор, көпүрөлөр жана транспорттук тоннелдер, гуманитардык илимдер тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Автомобиль жолдору жөнүндө, Жол фонду жөнүндө, Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2021-жылдын 6-августундагы № 114 Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
2017-жылдын 24-августундагы № 538 Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2017-жылдын 17-августундагы № 512 Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө;
2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 Жол тармагынын системасын өзгөртүү боюнча чаралар жөнүндө;
2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө;
2022-жылдын 12-июлундагы № 379 Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө.
3.2. Билгичтиги:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.
3.3.Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө багытындагы улук кызмат орундарынын тобуна
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— Транспорттук техника жана технология тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы, темир жолдорунун кыймылдуу курамы; инженер-электрик; аскердик жана административдик башкаруу; кемелерди куралдандыруу; Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы, транспорттук жана технологиялык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча); Транспорттук курулуш тармагында: темир жолдорду куруу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор; Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), Курулуш тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш; Гуманитардык илимдер тармагында: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, Автомобиль транспорту жөнүндө, Темир жол транспорту жөнүндө, Автомобиль жолдору жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдорун:
2013-жылдын 3-майындагы № 239 Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
1999-жылдын 11-майындагы № 249 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы суу транспорту боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери;
2016-жылдын 11-апрели № 198 Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2012-жылдын 18-февралы № 108 Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө;
2018-жылдын 29-январы № 56 Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө.
— Бажы бирлигинин техникалык регламенттери:
Автомобиль жолдордун коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 014/2011), Дөңгөлөктүү унаалардын коопсуздугу жөнүндө (ТР ТС 018 / 2011), Кичинекей кемелердин коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 0026 / 2012), Айыл чарба жана токой чарбасынын тракторлорунун жана чиркегичтердин коопсуздугу жөнүндө (ТР ТС 031/2012), Темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 001/2011), Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 003/2011).
3.2. Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.