Айыл өкмөтүнүн жер агрардык жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар орунуна кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим же атайын орто кесиптик билим (агрардык, гидротехникалык, гиодезия, архитектура, инженер жана башка техникалык, экологиялык, гуманитардык); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажга талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”Мыйзамдарын билүүсү зарыл – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Айыл өкмөтүнүн компьютердик технология боюнча IT адис кенже кызмат орунуна кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим же атайын орто кесиптик билим (автоматташтыруу жана башкаруу, эсептоо техникасы жана информациялык технологиялар, гуманитардык); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажга талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз РеспубликасынЖергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамы – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын 9-августуна чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Ысык-Көл району, Тамчы айылы , Манас көчөсү №36 Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Атк.: Г.Рысалиева ( тел:0705-08-16-66) Жазуулар боюнча багыттоо Барскоон айыл өкмөтүнүн ички кадырлар резервине ачык конкурс жарыяланат: Балыкчы шаарынын мэриясынын кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын ордуна ачык сынак жарыялайт: