Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев Корея Республикасынын Кёнджу шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Сэмаул Ундонг Министрлер жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, эл аралык өнүктүрүү уюмдарынын өкүлдөрү жана эксперттер катышууда.

Агенттик директору Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө Кыргыз Республикасында ишке ашып жаткан «Сэмаул Ундонг» айылдарды өнүктүрүү долбоору тууралуу кеңири маалымат берип, негизги максаттарына токтолду.  “Сэмаул Ундонг кыймылынын баштапкы миссиясы — шаар жана айыл жамааттарынын ортосундагы өнүгүү ажырымын кыскартуу.  Учурда долбоордун экинчи фазасы ишке ашырылууда. Биринчи фаза менен Чүй облусунун Сокулук районунун Арал айылы, Жайыл районунун Ак-Башат айылы, Чүй районунун Кош-Коргон жана Искра айылдарында ийгиликтүү ишке ашырылган.

Экинчи фазанын алкагында  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылы, Ак-Суу районунун Орлиное айылы, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылы жана Бишкек шаарынын №107 муниципалдык аймактык башкармалыгында (мурунку Орок айылы) уланууда.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 388 284 АКШ доллары (33,56 млн сом) көлөмүндө долбоорлор ишке ашырылып, анын 285 007 доллары кореялык тараптын гранты, ал эми 103 277 доллары жергиликтүү тургундардын өздүк салымы болуп саналат”-  деп билдирди Базарбаев

 

“Семаул Ундонг” долбоорунун алкагында төмөнкүдөй инфраструктуралык, социалдык жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашырылды. Алар калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, коомдук мончо, спорттук жана балдар аянтчалары, мал чарбачылыгын жана аарычылыкты өнүктүрүү жана башка.

Өз сөзүнүн аягында К.Б. Базарбаев айыл жергесиндеги жашоо сапатын жогорулатууну жана калктын жыргалчылыгын арттырууну максат кылган «Сэмаул Ундонг» кыймылы Кыргызстандын өнүгүүсүнө маанилүү салым кошуп жатканын, ошондой эле мындай ийгиликтүү кызматташуу мындан ары да улантылаарын баса белгиледи.