Бүгүн, 2025-жылдын 16-октябрында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин төрагалыгында Мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын чет өлкөдөгү координациялоо боюнча Кеңештин жыйыны болуп өттү. Эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди чет өлкөлөрдө окутуу процессинде ачыктыкты камсыз кылуу, окутуунун кайталанышын болтурбоо, алынган билимдерди жана көндүмдөрдү натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле кызматчылардын мамлекет алдындагы милдеттенмелерин так аткаруусуна өбөлгө түзүү болот. Мындан ары бул багыттагы иштер системалуу түрдө жүргүзүлөт. Ошондой эле ар бир окутуу программасы боюнча мониторинг жана отчеттуулукту күчөтүү, алынган билимдерди практикага колдонуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштар берилди. Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этерин белгиледи. Жыйынтыгында Кеңеш тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чет өлкөлөрдө окутулушун натыйжалуу координациялоо боюнча бир катар иш-чаралар пландаштырылды. Жазуулар боюнча багыттоо МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ МАКСАТЫНДА «ПИКИР» АТТУУ QR-КОД СИСТЕМАСЫН ИШКЕ КИРГИЗДИ.